Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактары ишканасында коопсуздук күнү өткөрүлдү

22 Январь 2026 ж.

2026-жылдын 20-январында Нарын электр тармактары ишканасында эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитария боюнча колдонулуп жаткан эрежелердин талаптарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук күнү өткөрүлдү.

Коопсуздук күнү Ат-Башы РЭТинде жана 110/35/10 кВ «Ала-Тоо»көмөкчордонунда ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы тарабынан өткөрүлдү. Мындан тышкары, иш-чара ишкананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана райондук электр тармактарында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жумуш ордуларын капыстан текшерүүлөр жүргүзүлүп, кызматкерлердин жумуштарды аткарууда коопсуздук, эмгекти коргоо талаптарын сактоосу, атайын техникалар жана ишкертоп ташуучу унаалардын техникалык абалы, өндүрүштүк санитарияны сактоосу текшерилди.

Коопсуздук күнүн өткөрүү өндүрүштүк жаракат алуунун алдын алууга, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитариянын абалын жакшыртууга, ошондой эле кызматкерлердин коопсуздук талаптарын сактоодогу жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Коопсуздук күнүнүн жыйынтыгы боюнча актылар түзүлүп, жооптуу адамдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жана эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.