Кечээ, 4-декабрь күнү “КУЭТ” ААКтын филиалы болгон Нарын электр тармактары ишканасында өндүрүштүк кызматтардын жана райондук электр тармактарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы жана ишкананын келечектүү өнүгүү багыттары боюнча техникалык кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеде акыркы он ай ичинде аткарылган оңдоо иштеринин жыйынтыктары чыгарылып, калган мезгилге карата пландар кенен талкууланды. Айрыкча, электр жабдууларын оңдоо, жаңы курулуш долбоорлорун ишке ашыруу жана электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтуу маселелерине көңүл бурулду.
Ремонттук кампаниянын алкагында пландаштырылган бардык иштер толук көлөмдө жана тийиштүү деңгээлде аткарылганы белгиленди. Бул электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтууга жана керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары, 2025-жылга карата капиталдык курулуш пландары каралды. Подстанцияларды куруу, эскирген жабдууларды алмаштыруу жана тармактарды модернизациялоо боюнча долбоорлор сунушталды. Бул келечектүү пландар электр энергиясын берүү системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана берилүүчү электр энергиясынын сапатын жакшыртууга багытталган.
Кеңешмеге ишкананын жетекчилиги, инженердик-техникалык адистер, ошондой эле онлайн форматта райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.