Кечээ “КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасында ар айдын экинчи шейшембиде өткөрүлүүчү ишкерсандар менен иштөө күнү өткөрүлдү.
Ишкерсандар менен иштөө күнү ишкананын техникалык жетекчилеринин тарабынан өткөрүлүп, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга багытталган.
Ишкерсандар менен иштөө күнүнүн негизги максаты — кызматкерлердин эрежелердин, өндүрүштүк жана кызматтык нускамалардын, ошондой эле эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын талаптары боюнча билим деңгээлин сактоо жана кеңейтүү болуп саналат. Өзгөчө көңүл авариялык кырдаалдарды, анын ичинде өрт учурларын жоюу маалындагы туура аракеттерге, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жабдууларды, имараттарды, курулмаларды, курулуш техникаларын жана механизмдерди коопсуз жана квалификациялуу тейлөө жана оңдоо көндүмдөрүн өркүндөтүүгө бурулат.
Иш-чаранын алкагында өндүрүштүк тартипти чыңдоого, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана энергетикалык жабдуулардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган нускама берүү, окутуу сабактары жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, бул күнү кызматкерлер штаттан тышкаркы кырдаалдарды жоюудан тышкары, пландуу иштерди аткаруудан бошотулат.