Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактарында өзгөчө кырдаалга каршы машыгуу өттү

2 Октябрь 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы жана "Электр станциалары" ААКнын Ат-Башы ГЭСинде өзгөчө кырдаалга даярдык боюнча машыгуу өткөрүлдү.
 
Машыгуунун максаты – күз-кыш мезгилинде күтүлбөгөн кырдаал болгон учурда тез арада туура чечим кабыл алуу, кырдаалды башкаруу, жөнгө салуу боюнча кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу болду.
 
Машыгуу учурунда 220 кВ "Кемин-Ак-Кыя" жана 110 кВ "Ысык-Көл-Кочкор" аба чубалгысынан 220/110/10 кВ "Ак-Кыя" көмөк чордонунда чыңалуунун жоголушу жана Ат-Башы ГЭСиндеги гидроагрегаттардын токтошу сыяктуу авариялык кырдаал симуляцияланды.
 
Бул машыгуунун жардамы менен энергетиктер өзгөчө кырдаал учурундагы иш-аракеттерди тактап, бири-бири менен байланыш түзүү, мүчүлүштүктөрдү талкулоо менен бирге тажрыйба алмашуу болду.
 
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу максаттуу жана толук көлөмдө жүргүзүлгөнү белгиленди. Алдыда дагы да кеңири масштабда өткөрүү пландалууда.