Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактарынын жетекчилиги энергетикалык объектилердин ишин текшерди

18 Январь 2026 ж.

Бүгүн, 18-январда, аба ырайынын кескин төмөндөшүнө жана шашылыш билдирүүнүн негизинде “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасынын жетекчилиги энергетикалык объектилердин ишин жеринен текшерди.
 
Текшерүү учурунда электр энергиясын бөлүштүрүү, авариялык абалга даярдык, ыкчам бригадалардын иши жана калкты тейлөө маселелери каралды. Кызматкерлерге калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана күчөтүлгөн режимде иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.
 
Нарын электр тармактары ишканасы кышкы мезгилде электр энергиясын туруктуу камсыз кылуу багытында күчөтүлгөн тартипте ишин улантат.