Колл - борбор: 105, 1209

Нарын облусу күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр

26 Август 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев Нарын облусуна болгон үч күндүк иш сапарынын алкагында энергетикага тиешелүү 8 ишкананын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
 
Биринчи күнү Тогуз-Торо менен Жумгал Райондук электр тармактарын тешкерсе, иш сапардын 2-3- күнү Нарын электр тармактар ишканасын, Ат-Башы, Тянь-Шан, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор Райондук электр тармактарын жана Ат-Башы ГЭСин кыдырып, аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар, негизги көйгөйлөр тууралуу жеринде маалымат алды.
 
Анын ичинен министр Курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын, СИП аба чубалгыдарынын тартылышына, АСКУЭ эсептегичтин, бетон мамычалардын өз убагында орнотулушуна, көмөк чордондордун, трансформаторлордун жаңыланышына, авариялык запастагы жабдуулардын сакталышына, электр энергиянын жоготуусун алдын-алуу жана азайтуу керектигине, "Үрүм-Баш-Жетиген" аба чубалгысын туннел аркылуу алып өтүү иштерин тездетүүгө басым жасады.
 
Муну менен катар анча-мынча көйгөйлөр да айтылды. Министр эскилиги жеткен имараттардын ордуна жаңы имарат курууну, жетишпеген бригадалык техникалар менен камсыз кылууну, айрым ишканаларга керектүү штат маселесин чечип берүүнү, кээ бир ээсиз трансформаторлорду баланска алууну, Талды-Суу, 35/10 кВ "Осовиахим" көмөк чордонунун ордуна 110/10 кВ көмөк чордон курууну пландап аны тездетип бүткөрүүнү, кампадагы ремонт иштерине колдонула турган жабдууларды толук орнотуп бүткөрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.
Мындан тышкары Нарын электр тармактар ишканасынын темир бетон буюмдарын жасоочу цехтен чыккан мамычаларды, ишкананын кызматкерлери тарабынан эскирген атайын техникаларды кайрадан жаңылап жасалганын, имараттын короосун ирээтке келтирилгенин көрүп, аткарган кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ишине жогорку баа берди.
 
Иш сапардын соңунда министр бардык ишкананын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, жетекчилигине күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдануу, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну тапшырды.
 
"Мен Нарын облусундагы баардык Райондук электр тармакарын, Ат-Башы ГЭСнин аткарап жаткан иштерин текшерип чыктым. Жалпысынан алганда Нарын облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр экен. Орчундуу чоң көйгөйлөр деле жок. Бирок керектүү техникаларды сатып берүү, эскирген имаратты жаңылоо, жетишпеген штат маселесин чечип берем. Калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү үчүн, энергетиктерге шарт түзүп берүү биздин милдет. Ал эми силер алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылгыла. Өзгөчө тоолуу райондор электр энергиясыз калбашы керек", - деди министр Т.Ибраев.