Колл - борбор: 105, 1209

Нарын облусуна 24 144 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду

6 Август 2025 ж.

Энергетика министрлиги тармакты жанылоого багытталган бир катар алгылыктуу иштерди жургузуудо. Анын катарында электр энергиясына болгон жоготууларды азайтуу жана санариптештрууну онуктуруу багытында орун алган АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери активдуу улантууда.
 
"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы облус боюнча 2022-жылдан бери жалпы 44 045 даана акылдуу электр эсептегичти облустун ар кыл райондоруна орнотту. Ал эми 2025-жылга карата түзүлгөн пландын алкагында Нарын облусуна 33 600 даана электр эсептегич орнотуу каралган. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүчтүн 24 144 даанасы ийгиликтүү орнотулду.
 
* Ак-Талаа районуна - 5014
* Ат-Башы районуна - 6547
* Жумгал районуна - 5385
* Нарын районуна - 2870
* Тогуз-Торо районуна - 4328 даана, жалпысынан - 24 144 даана. Ал эми калган 9456 акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу жыл аягына чейин толук аяктоо пландалууда.
 
АСКУЭ акылдуу электр эсептегичтеринин негизги максаты — электр энергиясын реалдуу убакыт режиминде так эсепке алуу, жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөргө так маалымат берүү аркылуу тейлөөнүн сапатын жогорулатуу.
 
Аталган эсептегичтердин орношу менен:
• керектөөчүлөр электр энергиясын так көзөмөлдөй алышат;
• энергия жоготуулары азаят;
• төлөмдөр так жана өз убагында жүргүзүлөт;