Колл - борбор: 105

Нарын облусунда 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонунун курулушу башталды

4 Март 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Нарын облусунда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.
 
Нарын районунун Кур-Терек аймагында жайгашкан «ЭЭА Нарын — ЭЭА Кашкар» индустриалдык паркында «Эки өлкө — эки парк» долбоору ишке ашырылып, анын алкагында төрт өнөр жай ишканасынын курулушу башталды. Алардын туруктуу иштеши үчүн кошумча электр кубаттуулугу талап кылынат.
 
Курулуп жаткан өнөр жай, турак жай жана социалдык объектилерди ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы пландалган иштердин параметрлерин кайра карап чыкты. Мурда каралган 35 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонунун ордуна 2025-жылга карата капиталдык курулуш планына 110/35/10 кВ «Кур-Терек» көмөк чордонун жана узундугу 10,42 чакырымды түзгөн 110 кВ аба чубалгысын куруу киргизилди.
 
Долбоорду ишке ашыруу менен 110/35/10 кВ «Нарын-1» көмөк чордонундагы жүктөм азайтылып, аймактын энергосистемасынын келечектеги өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Мындан тышкары, МИК тарабынан курулуучу турак жай комплекстерин жана реконструкцияланып жаткан «Нарын» аэропортун кошкондо, жаңы объектилерди электр тармагына кошууга мүмкүнчүлүк ачылат.
 
Курулуш иштери 2025-жылдын апрелинде башталып, учурда жигердүү ишке ашыруу баскычында Учурда «Кур-Терек» тилкесиндеги курулуш аянтчасын убактылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кубаттуулугу 400 кВА болгон трансформатордук көмөк чордон орнотулган.
 
Көмөк чордонду куруу «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан өз каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл материалдар жана жабдуулар менен толук камсыздалган. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын аягына пландалууда.