Алардын катарында Нарын облусу боюнча 2026-жылы 21 даана трансформатор алмаштыруу төмөнкүдөй пландалууда:
- Ак-Талаа району - 1 даана,
- Ат-Башы району - 3 даана,
- Кочкор району - 7 даана,
- Нарын району - 7 даана,
- Тогуз-Торо району - 3 даана.
Ал эми кошумча 6 даана трансформатор орнотуу иштери:
- Ат-Башы районуна - 1 даана,
- Жумгал районуна - 2 даана,
- Нарын районуна - 3 даана.
Эске салсак, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы облус боюнча жалпы 83 даана трансформатор алмаштырылып жана кошумча орнотулду. Анын ичинде:
• 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 61 даана трансформатор алмаштырылды;
• 10/0,4 кВ кубаттуулуктагы 22 даана трансформатор кошумча орнотулду.
Аталган иштердин натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу жалпы 39 217 кВА электр кубаттуулугу жогорулатылды.
Ошондой эле, 121 даана трансформатор Нарын электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлдү.