Нарын облусунда 3 жаңы көмөк чордондор курулуп, пайдаланууга берилди
16 Июнь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жогорку чыңалуудагы үч көмөк чордондун ачылыш аземине катышты.
Бул көмөк чордондор Улуу жибек жолунун башаты Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн курулду. Алар:
- Ат-Башы районундагы 10 МВА кубаттуулуктагы 110/35 кВ “Коргон-Таш” көмөк чордондонун ишке берүү үчүн Нарын электр тармактар ишканасынын 110 кВ ”Ала-Тоо- Торугарт” аба чубалгысына кошулду.
- Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына курулган 20 МВА 110/35 кВ “Кош-Дөбө” көмөк чордону Нарын электр тармактар ишканасынын 110 кВ “Үгүт-Ала-Буга” аба чубалгысынан камсыздалды.
- Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылында курулган 16 МВА 110/35 кВ “Чет-Булак” көмөк чордону Нарын ЭТИна тийиштүү 110 кВ “Жетиген-Ала-Буга” аба чубалгысынан электр энергиясы менен камсыз болду.
Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААКсы жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордондорго Нарын электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев, Кыргызстан-Кытай темир жолун куруучу компаниянын өкүлдөрү, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И.Сыдыгалиев, райондун акими, Нарын ЭТИнин директору, тиешелүү адистер, кызмат, РЭТ башчылары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жергиликтүү тургундар Президен С.Н.Жапаровго жана энергетика министри Т.О.Ибраевге ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар батасын берди.
Мындан тышкары, министр Таалайбек Ибраев Нарын электр тармактары ишканасына караштуу үч райондук электр тармактарынын жаңы административдик имараттарынын курулушу иши менен таанышты. Алар:
- Нарын райондук электр тармагынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу кеңсе болуп, жалпы аянты 919,66 м² түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталып, беш айдын ичинде аякташы пландалууда.
- Ат-Башы районунда, эскилиги жеткен имараттын ордуна жалпы аянты 292,4 м² болгон эки кабаттуу жаңы кеңсе курулууда. Азыркы тапта курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
- Жумгал РЭТнин административдик имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 488,5 м² түзөт. Курулуш 2025-жылдын май айында башталып, учурда биринчи кабаты толугу менен бүткөрүлүүдө.
Бардык курулуштар “КУЭТ” ААКсынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Имараттар 2025-жылдын август айынын аягына чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.