Колл - борбор: 105, 1209

Нарын облусунда 3445 даана темир-бетон мамычалары орнотулат

19 Март 2025 ж.

Нарын облусунда электр энергиясын жеткирүү инфратүзүмүн жакшыртуу максатында "КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасы 2025-жылдын иш болжомуна ылайык 3445 даана жаңы мамычаларды орнотуу мерчемделүүдө.
 
Алсак капиталдык курулуштун эсебинен:
• Ат-Башы району - 524,
• Ак-Талаа району - 209,
• Жумгал району - 237,
• Кочкор району - 728,
• Нарын району - 764,
• Тогуз-Торо району - 188 даана темир-бетон мамычалары орнотулат.
 
Мындан тышкары капиталдык оңдоо иштерине керектелүүчү мамычалар:
• Ат-Башы району - 109,
• Ак-Талаа району - 77,
• Жумгал району - 192,
• Кочкор району - 131,
• Нарын району - 73,
• Тогуз-Торо - 81 даана, жалпысынан алганда 3445, мунун ичинен 1982 сатып алуу жолу менен алынган, ал эми 1463 даанасы Нарын электр тармактар ишканасынын темир-бетон өндүрүүчү цехинен чыккан мамычалар орнотулмакчы. Иш жүзүндө мамычалардын орнотуу иштери ремонттук кампания башталгандан тартып тынымсыз жыл аягына чейин жүргүзүлөт.
 
Бул иш-чара аймактагы электр камсыздоону туруктуу кылуу жана өчүүлөрдүн санын азайтуу максатында пландалууда.
 
Бул долбоордун алкагында аймактагы электр энергиясын берүү тутуму кыйла жакшыртылып, жаңы мамычалардын орнотулушу эскирген жана авариялык абалдагы электр түйүндөрүн алмаштыруу менен катар, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.