Нарын облусунда 402 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
18 Март 2026 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Нарын электр тармактар ишканасы облус боюнча быйыл 402 даана трансформаторду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү жана авариялык трансформаторлорду оңдоону планга киргизди.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарындагы трансформаторлорду оңдоо цехтеринде (ТОЦ) 2026-жылдын иш планына ылайык жалпысынан 402 даана трансформаторду оңдоо каралган. Анын ичинде:
• Ат-Башы району – 36 даана,
• Ак-Талаа району – 38 даана,
• Нарын шаары (Жумгал, Тогуз-Торо, Кочкор райондору менен кошо) – 50 даана.
Жалпы эсеп менен 124 даана авариялык трансформатор, ал эми 278 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Учурда 21 даана трансформатор толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Калган бөлүгү ремонттук кампаниянын алкагында жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт. Оңдоого алынган трансформаторлордун ордуна убактылуу резервдеги трансформаторлор орнотулуп, оңдоо иштери аяктагандан кийин кайра өз ордуна коюлат.
Маалымат үчүн: 2025-жылы 388 даана трансформаторду оңдоо пландалган болсо, кошумча дагы 7 даана пландан тышкары оңдолгон. Адистердин баамында, акылдуу электр эсептегичтерин орнотуу иштери башталгандан бери трансформаторлордун күйүп кетүү учурлары кыйла азайган.
Мындан тышкары, Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын базасында жаңы трансформаторлорду оңдоо цехи курулуп, бүткөрүү алдында турат. Объект пайдаланууга берилгенден кийин транспорттук чыгымдар кыскарып, Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондорундагы трансформаторлор ошол жерден оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Жүргүзүлүп жаткан иштер аймактагы энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.