Нарын облусунда 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүү пландалууда
15 Январь 2025 ж.
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын Нарын электр тармактары ишканасынын трансформаторлорду оңдоо цехи 2025-жылга карата өзүнүн иш планына ылайык 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүүнү максат кылып жатат.
Аталган цехте эскирген, бузулуп, тетиктери ысып иштешке мүмкүн болбогон жана пайдалануусунун мөөнөтү өткөн трансформаторлорду оңдоо, күйүп кеткен же алмаштырууга муктаж болгон тетиктерин алмаштыруу процесси жүргүзүлөт. Ошондой эле ашыкча жүктөрдүн кесепетинен иштебей калган трансформаторлор да жигердүү оңдолуп, кайра ишке жарактуу абалга келтирилет.
Оңдоо цехинде 5 адамдык штатты түзгөн кызматкерлер кургатуучу, трансформатор майларын тазалоочу жана ширетүүчү жабдуулар менен камсыз болгон жайларда иш алып барышат.
Бул цехте оңдоо жумуштары кызматкерлердин талыкпас эмгегинин артында жылы бою үзгүлтүксүз аткарылып Нарын электр тармактар ишканасына тийиштүү бардык райондордун көйгөйлөрүн чечип, трансформаторлор кайрадан ишенимдүү абалга келтирилет.