Нарын облусунда АСКУЭ электр эсептегичтерин орнотуу иштери уланууда
26 Ноябрь 2025 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында, Нарын облусунда электр тармагын санариптештирүү жана керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатуу максатында автоматташтырылган эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу иштери активдүү жүрүп жатат.
2025-жылга карата жалпы 32 753 абонентке АСКУЭ орнотуу пландалган болсо, бүгүнкү күндө анын 30 643ү, же башкача айтканда 94% ийгиликтүү аткарылды, ал эми орнотуу иштери ноябрь айынын аягы менен толук бүткөрүлмөкчү.
Бул иш-аракеттер "КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп, керектөөчүлөргө ыңгайлуу, так жана заманбап эсептөө системасын камсыздоого багытталган.
Алсак, райондор боюнча АСКУЭ орнотуунун жүрүшү:
Ак-Талаа - план - 6 488, факт - 6 298;
Ат-Башы - 10 113, факт -8 936;
Жумгал план - 8 058, факт - 7 753,
Нарын план - 3 289, факт - 3 171;
Тогуз-Торо план -4 805, факт - 4 485;
АСКУЭ орнотуу иштери – Нарын облусунда электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн арттырган маанилүү санариптик кадам. Аткарылып жаткан иштер керектөөчүлөргө ыңгайлуулукту камсыздап, аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.