Нарын облусунда электр энергиясына болгон жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясаты боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
18 Март 2025 ж.
Нарын облусунда "Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты" боюнча жаңы токтом долбооруна байланыштуу калк менен жолугушу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул жолугушуулардын негизги максаты – өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жана бааларын турукташтыруу, ошондой эле электр энергиясынын тарифтерин көзөмөлдөө аркылуу калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу.
Түшүндүрүү иштерин Энергетика министрлигине караштуу Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин башчысы Орозалиев Т.Э. жергиликтүү тургундарга жана ишкерлерге жаңы тарифтик саясаттын маанисин, максатын жана таасирин жеткирүү менен бирге аймактардын шарттарын эске алып, айрым сунуштар каралды.
Өкмөттүн өкүлдөрү калкка жаңы саясаттын коомдук жана экономикалык жактан маанилүү экендигин, ошондой эле өлкөдөгү электр энергиясына болгон тарифтик саясатты жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп саналаарын белгилешүүдө.
Жарандарга ачык жыйындар өткөрүлүп, өздөрүнүн суроолорун берип, пикирлерин билдирүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ар кандай сунуштар жана пикирлер топтолуп, мамлекеттик органдар тарабынан талкууланып, эгер мүмкүн болсо, ишке ашырылат.
Бул түшүндүрүү иштери Нарын облусунун бардык райондорунда активдүү өткөрүлүп жатат.