Колл - борбор: 105, 1209

Нарын облусунда «КУЭТ» ААКнын директорлор кеңешинин көчмө жыйыны өттү

25 Июль 2025 ж.

2025-жылдын 25-июлунда «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңеши Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул иш сапардын негизги максаты — региондогу электр тармактарынын 6 айдын жыйынтыгын карап чыгуу, күз-кыш мезгилине даярдыгын жеринен көрүү, көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу болду.
 
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Нарын электр тармактар ишканасынын курамындагы бардык райондук электр тармактарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшеришти. Өзгөчө көңүл 2025-2026-жыл күз-кыш мезгилине карата даярдык чараларына, алардын ырааттуулугуна жана сапатына бурулду.
 
Мындан тышкары, техникалык жоготуулардын себеби, аларды азайтуу, дебитордук карыздарды өндүрүү сыяктуу маселелер күн тартибинде талкууланып, жетекчилер менен кызматкерлердин отчету угулгандан кийин, тиешелүү сунуштар ортого салынды.
 
- “Биздин аймактарды кыдыруудагы негизги максат — филиалдардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, алардын кандай шарттарда иштеп жатканын реалдуу баалоо. Жергиликтүү кызматкерлер менен ачык диалог түзүү, алардын ой-пикирин угуу биз үчүн абдан маанилүү. Биз буга чейин материалдык жана техникалык базаны бекемдөө максатында бардык райондук электр тармактарына көп көңүл буруп келдик. Кийинки кезекте кызмат жана бөлүмдөргө басым жасоого аракет кылабыз”, — деди директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович.
 
Жыйындын жүрүшүндө Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги тарабынан 6 айдын жынтыгы тууралуу отчеттор угулуп, ар бир маселе дыкат каралып, тиешелүү сунуштар берилди. Кеңеш мүчөлөрү тарабынан айтылган сунуштар энергетикалык тармактагы стратегиялык пландоонун, туруктуу камсыздоонун жана тейлөө сапатын жогорулатуунун маанилүү элементтери катары бааланды.
 
Ошондой эле, ар бир район башчылары өз кезегинде орчундуу маселе жок экенин, акыркы жылдары жакшы көңүл бөлүнүп, материалдык жана техникалык база бекемделип, бүгүнкү күндө калкты тейлөөдө ыкчамдыкка жана сапатына басым жасап жаткандарын баса белгилешти.
 
Директорлор кеңешинин көчмө жыйынына Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, бардык райондук электр тармактарынын башчылары жана кызмат, бөлүм башчылары катышышты.