16-апрелде Нарын облусунда жарандык коргонуу боюнча республикалык машыгуулар башталып, бүгүн жыйынтыкталууда. Бул иш-чара өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, мекемелердин жана жарандардын аракеттерин шайкештештирүү максатында өткөрүлүүдө.
Машыгууларга мамлекеттик жана жергиликтүү органдар менен катар ар кандай мекемелер жана уюмдар да активдүү катышууда. Алардын арасында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы да жигердүү катышып жатат.
Ишкана өзүнүн адистери, атайын техникасы менен биргеликте машыгуунун алкагында электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана калкты коопсуздук эрежелери боюнча маалымдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бул машыгуулар жарандардын жана мекемелердин өзгөчө кырдаалдарда туура жана координацияланган аракеттерди көрүшүнө чоң көмөк көрсөтөт.