Нарын облусунун энергетикалык объектилерине экскурсия уюштурулду
16 Апрель 2025 ж.
Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулган атайын маалымат экскурсиясына Нарын облусунан каалоочулар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Катышуучулардын катарын жөнөкөй жарандар, активисттер, блогерлер жана журналисттер түздү.
Иш-чара алкагында катышуучулар алгач электр станцияларынын цехтеринин иши менен таанышышты. Андан соң Ат-Башы ГЭСине барышып, анын ишмердүүлүгүн өз көздөрү менен көрүштү. ГЭСтин иштеши, техникалык жабдылуусу жана кубаттуулугу тууралуу кенен маалымат берилди.
Мындан сырткары, алар Куланак ГЭСинин курулушу жүрүп жаткан жерге барып, долбоордун алкагында аткарылып жаткан иштерге күбө болушту. Курулуштун баскычы, келечектеги кубаттуулугу жана экономикалык мааниси тууралуу да маалыматтар айтылды.
Экскурсиянын жүрүшүндө Нарын облусунан барган катышуучулар Энергетика министрине бир катар суроолорду берип, кызыктырган маселелер боюнча жооп ала алышты. Түз диалог форматындагы бул жолугушуу жарандардын энергетика тармагындагы реформалар жана долбоорлор боюнча маалымдуулугун жогорулатууга шарт түздү.