Колл - борбор: 105, 1209

Нарын райондук электр тармагы трансформаторлорду оңдоо иштерин улантууда

31 Июль 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Нарын райондук электр тармагы (РЭТ) 2025-жыл ичинде 558 даана трансформаторго утурумдук жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландаган.
 
Бүгүнкү күнгө карата пландын алкагында жалпысынан 288 трансформатор оңдолуп бүткөрүлдү. Алардын ичинен 244 трансформатор утурумдук, ал эми 44 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
 
Нарын РЭТинин адистери оңдоо иштерин бекитилген графикке ылайык жүргүзүүдө. Электр жабдууларына техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
Бул иштердин негизги максаты — электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртуу жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу.
 
Коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында белгиленген график боюнча электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп, техникалык иштер жүргүзүлөт.
 
Оңдоо иштери боюнча толук маалыматты биздин расмий веб-сайтыбыздан ала аласыздар: www.npes.nesk.kg