Колл - борбор: 105

Нарын районунда 2026-жылы 5316 даана темир-бетон буюмдарын өндүрүү пландалууда

18 Февраль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехтери 2026-жылы 5316 даана темир-бетон продукциясын өндүрүүнү пландоодо.
 
Бүгүнкү күндө аталган цехтерде стандарттын негизинде өндүрүш иштери ырааттуу жүрүп, жыл башынан бери 800 даана темир-бетон СВ-95, СВ-105, СВ-110, СВ-164 тибиндеги мамылар, шакекче, кабелдик каналдар жана трансформатордун алдына коюлуучу тирөөчтөр даярдалып чыгарылды. Бул көрсөткүч өндүрүш кубаттуулугунун туруктуу жана иштин жогорку деңгээл менен жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
 
Белгилей кетсек, 2025-жылга карата 1500 даана темир-бетон мамыларын өндүрүү пландалган. Бирок ишкананын жамааты коюлган милдетти мөөнөтүнөн мурда аткарып, кошумча дагы 1000 даана мамы өндүрүүгө жетишкен. Натыйжада жалпы 2500 даана темир-бетон мамылары чыгарылып, пландалган көрсөткүч олуттуу түрдө ашыгы менен аткарылган.
 
Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы аймактагы электр тармактарын реконструкциялоо жана жаңылоо иштерин өз убагында камсыз кылууга шарт түзүүдө. Ошондой эле бул аракеттер энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн арттырып, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
 
Нарын электр тармактар ишканасы мындан ары да өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу жана реформанын алкагындагы милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу багытында иштерди улантат.