Нарын районунда 948 чакырым аба чубалгылар оңдоодон өтөт
2 Июль 2025 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын Нарын райондук электр тармактары 2025-жылга карата эксплуатация, реконструкция жана капиталдык курулуш боюнча бекитилген иш-пландынын негизинде ири иштерди жүргүзүп жатат.
Иш-планга ылайык, Нарын райондук электр тармактары тарабынан жалпысынан 948 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 546 даана трансформаторду капиталдык жана утурумдук оңдоо каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 439,5 чакырым аба чубалгы жана 229 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында:
• 15,2 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жаңыдан куруу жана реконструкциялоо иштери;
• 3 даана эски КТП (комплекттүү көмөкчү чордон) шаар тибиндеги ГКТПларга (шаар тибиндеги комплекттүү көмөкчү чордон) алмаштыруу;
• 1 даана жаңы 10/0,4 кВ ГКТП жана 1 даана реклоузер орнотуу. Бул иштердин бардыгы 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлүшү пландалган.
Мындан сырткары, заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу жаңы административдик имараттын курулушу кызуу жүрүп жатат. Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталып, август айында пайдаланууга берүү пландалууда.
III Элдик курултайда көтөрүлгөн Ак-Кудук жана Эмгек-Талаа айылдарындагы эскилиги жеткен мамылар менен аба чубалгыларын алмаштыруу иштери Энергетика министрлигинин көзөмөлүнө алынып, “КУЭТ” ААКсы тарабынан каржыланууда.
Учурда ишканадан чыгарылган темир-бетон мамылар орнотулуп, ар кандай аба ырайына туруктуу келген СИП кабели тартылууда. Бул иштердин алкагында 113 абонентти туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 5 трансформатор жаңыртылат. Ошондой эле 1 даана кошумча трансформатор орнотулуп, 100 кВА кубатындагы трансформатор 250 кВАга алмаштырылып, кубаттуулук жогорулайт.