Колл - борбор: 105, 1209

Нарын шаарында 10 жана 0,4 кВ аба чубалгылары жылдырылууда

8 Июль 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасы тарабынан 2025-жылдын июнь айынын башында жергиликтүү бийлик менен биргеликте шаар ичиндеги электр берүү линияларын көчүрүү жана кошумча зым тиректерди жана трансформаторлорду жылдыруу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
 
Бул иштер Нарын шаарынын Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан көчө кеңейтүү жана асфальттоо иштерине байланыштуу аткарылууда.
 
Тактап айтканда, Шералиев көчөсүндө 10 кВ линиясы боюнча 6 даана, 0,4 кВ линиясы боюнча 12 даана зым тирек ордунан жылдырылып, кайрадан орнотулду. Жалпысынан бул көчөдө 18 даана зым тиректерин жылдыруу иштери жүргүзүлдү. Жакынкы күндөрү Шералиев көчөсүнүн Нефте база чөлкөмүндө жайгашкан АЧ-10кВ аба чубалгысы боюнча дагы 16 даана зым тиректи көчүрүү жана кайра орнотуу иштери пландалууда.
 
Мындан тышкары, учурда СМУ бригадасы тарабынан Ленин көчөсүнүн Алма Бак аймагынан тартып шаардык интернат жайгашкан чөлкөмгө чейинки аралыкта АЧ-10кВ аба чубалгылары боюнча реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Аталган аймакта 28 даана зым тирек ордунан жылдырылып, кошумча 5 даана жаңы бетон зым тирек орнотулду. Ошондой эле КТП-10/0.4кВ Н-157-трансформатору да башка жайга жылдырылып, тиешелүү техникалык иштер аткарылды.
 
Жүргүзүлүп жаткан бул иштер Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана электр энергиясын туруктуу, коопсуз берүү максатын көздөйт.