Колл - борбор: 105, 1209

Нарын шаарында 24 трансформатор оңдоодон өтөт

5 Сентябрь 2024 ж.

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Нарын РЭТи 24 даана трансформаторду оңдоодон өткөрөт.

Сентябрь айынын иш планына ылайык 19 даана трансформатор техникалык оңдоодон, ал эми 5 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган, бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, 3 чакырым 10 кВ аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 даана трансформатордун шкафы алмаштырылып, 7 чакырым СИП кабели реконструкцияланат.

Бул оңдоо иштери ноябрь айына чейин толугу менен  бүткөрүлөт. Нарын электр тармактар ​​ишканасынын кызматкерлери алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүп, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн ыкчам иш жүргүзүүдө.

Ар бир үйдө жарык, жана жылуулук болсун!

Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209 +996 772 001209 +996 702 001209 +996 556 001209 +996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот