Колл - борбор: 105, 1209

Нарын шаарында бетондук мамычаларды өндүрүүчү цехтин курулушу аяктоо алдында турат

14 Июнь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасында темир бетондук цехинин курулушу аяктап, жакында ишке берилет.
 
Жалпы аянты 396 м² түзгөн бул цехте жылына орто эсеп менен 1500 даана темир бетондук мамычаларды өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекчелер (кольцо), кабелдик каналдарга арналган темир бетондук лотоктор , трансформатордун айланасына орнотулуучу тосмолор да өндүрүлөт.
 
Цехте колдонулуучу жабдыктар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. QB-35 үлгүсүндөгү бетон чыгаруучу жабдык саатына 35 м³ аралашма даярдоого мүмкүнчүлүк берет, ал эми жүк көтөрүүчү кран 8 тонна салмакты көтөрө алат. Мындан тышкары, арматура ийүүчү жана кесүүчү аппараттар, темирбетон буюмдарын буу менен кургатуучу жана гидравликалык чоюуучу жабдыктар да орнотулган.
 
Мурда башка цехтерден сатып алынып келген темир бетондук мамычалардын орто эсеп менен жеткирүү акысы менен бирге 11-12000 сомду түзсө, 2024-жылдан баштап бул цехтин ишке кирип, өндүрүштүн өздөштүрүлүшү менен Нарын электр тармактар ишканасынын чыгымдарын бир кыйла кыскартуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
 
Белгилей кетсек, аталган цех ишке берилсе жумуш орундары түзүлөт.