Колл - борбор: 105, 1209

Нарын шаарында күз-кыш мезгилине даярдык өз нугунда жүрүп жатат

28 Май 2024 ж.

Азыркы тапта Нарын шаардык электр тармактар ишканасы калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн аракеттерди көрүп жатат.
 
Бүгүн, 207- трансформатордо капиталдык оңдоо иштери кызуу жүргүзүүдө.
Бул оңдоо иштери дыкаттуулук менен аткарылып, трансформаторлордун автоматтары жана изоляторлору алмаштырылууда. Андан тышкары, трансформаторлорго майлар толукталып, тышы жарык боёк менен сырдалып, эстетикалык көрүнүшү да жакшыртылды.
 
Бул иш-аракеттердин аркасында Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.
 
Энергетиктер шаардын ар бир үйүнө жарык жана жылуулук камсыз кылуу үчүн бар күчүн жумшап жатышат!