Колл - борбор: 105, 1209

Нарын шаарында темир-бетон мамычаларды чыгаруучу цех ачылды

30 Август 2024 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цехтин курулушу аяктап, бүгүн, 30-августта цехтин онлайн ачылышы болду.  

Цехтин жалпы аянты 396 м² , колдонулуп жаткан жабдуулар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ.  Алсак, бетон даярдоочу QB-35 модели саатына 35 м³ аралашма даярдоого мүмкүндүк берет, ал эми жүк көтөрүүчү кран 8 тоннага чейинки салмакты көтөрө алат. Мындан тышкары арматура ийүүчү, кесүүчү станоктор, темир-бетон буюмдарын буу менен кургатуу үчүн жабдуулар жана гидравликалык чойуучу  аппараттар коюлган.
 
Ишканада 5 кызматкер эмгектенип, азыркы тапта айына СВ-95 жана СВ-105 үлгүсүндөгү 120 даана темир - бетон мамычалар чыгарылууда. Жыл сайын 1500 даана өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекче (кольцо), кабель жатуучу каналдар  жана трансформатордун айланасындагы тосмолорду чыгаруу пландалууда. 


Буга чейин башка цехтерден алынган 1 даана темир-бетон мамычанын орточо баасы жеткирүү акысы менен 11-12000 сомду түзгөн. Азыр бизде өндүрүлгөн 1 даана мамычанын орто эсеп менен 7-8000 сомду түзгөндүктөн, ишкананын чыгымдарын бир топ кыскартууга жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өздүк, сапаттуу мамыларды чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.