Нарын шаарындагы «Нарын-2» көмөк чордону жаңыланууда
19 Октябрь 2026 ж.
Нарын электр тармактар ишканасында электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана энергетикалык жабдууларды жаңылоо иштери уланууда.
1971-жылы курулган 35/10 кВ «Нарын-2» көмөк чордону Нарын шаарынын калкынын 40 пайызын жана Нарын районунун калкынын 30 пайызын электр энергиясы менен камсыз кылат.
Көмөк чордон ишке киргенден бери анын 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрү (КРУН-10) алмаштырылбай келген. Узак убакыт пайдаланылгандыктан, жабдуулардын эскилиги жетип, аларды оңдоо үчүн керектүү тетиктерди табуу кыйынчылык жараткан. Бул иштер менен катар релелик коргоо жабдуулары да жаңыртылууда.
Быйыл капиталдык курулуш планына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын каржылоосу менен жаңы жабдуулар сатып алынып, учурда орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, октябрь айында 35/10 кВ «ЖБИ» көмөк чордонунда да жабдууларды жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
Аталган иш-чаралар электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жабдуулардын техникалык абалын жакшыртууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого багытталган.