Нарын шаарындагы жаңы конуштар сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болду
4 Август 2026 ж.
Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагында жайгашкан Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарынын жашоочуларын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр тармактарын жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Натыйжада 35 абоненттин электр менен камсыз болуу шарттары кыйла жакшырды.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 3,5 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка СВ-105 үлгүсүндөгү темир-бетон мамылар жана жалпы узундугу 3,5 чакырымды түзгөн СИП-2 үлгүсүндөгү өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган аба чубалгылары сатылып алынды.
Ал эми электр мамыларын орнотуу, аба чубалгыларын тартуу жана тармакты ишке берүү иштерин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын адистери өз убагында жана сапаттуу аткарышты.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында электр тармагы заманбап техникалык талаптарга ылайык жаңыланып, жашоочулар коопсуз, сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушту.
Мындан тышкары, аймактагы электр жүктөмүн азайтып, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен кубаттуулугу 630 кВА болгон шаар тибиндеги заманбап трансформатор орнотулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК калкты ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо жана электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат.