Колл - борбор: 105, 1209

Нарында күз-кыш мезгилге даярдык иштери октябрдын аягында аяктайт

9 Октябрь 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы -  Нарын электр тармактар ишканасы 35 киловольт жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары  менен көмөк чордондорду кышкы мезгилге даярдоо боюнча ремонт иштери ушул айдын аягында толугу менен аяктайт.
 
Электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында бир катар көлөмдүү иштер аткарылды:
-35 киловольттук подстанциялардагы ПСНди жаңы өчүргүчтөргө алмаштыруу;
-35 киловольттук подстанциялардын күчтүк трансформаторлорун оңдоо, жалпысынан 51 көмөк чордон учурдагы, ал эми 40 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өттү.
-110-220 киловольттук аба чубалгыларында анкердик тирөөчтөрүнүн шлейфтерине кошумча шунттарды орнотуу;
-эскирген фарфор изоляторлорду жаңы айнек изоляторлорго алмаштыруу, жалпысынан 9370 даана изолятор, 2013,03 чакырым аба чубалгы оңдоодон өттү.
 
Бул иштердин натыйжасында Нарын облусунун тургундары үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болушат.
 
Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.
 
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот