2025-жылы энергетика тармагында ири жаңылануулар күтүлүүдө. “КУЭТ” ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасы капиталдык курулуш планынын алкагында жалпы узундугу 31,45 чакырымды түзгөн 10 кВ СИП-3 жана 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгыларын жаңы куруу иштерин жүргүзөт.
Бул иштер Ат-Башы, Жумгал, Нарын жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында төмөнкүдөй көлөмдө аткарылат:
• Ат-Башы районунда: 10 кВ - 0,90 км, 0,4 кВ - 3,0 км;
• Жумгал районунда: 10 кВ - 0,50 км, 0,4 кВ - 1,0 км;
• Нарын районунда: 10 кВ - 0,30 км, 0,4 кВ - 4,80 км;
• Тогуз-Торо районунда: 10 кВ - 0,16 км, 0,4 кВ - 1,10 км. Бул СИП аба чубалгылары ар кандай аба ырайына туруктуу келип, жоготууларды азайтууга чоң өбөлгө болмокчу.
Мындан тышкары, жалпы 9 даана 10(6)/0,4 кВ шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон (ГКТП) орнотулат. Алардын ичинен Ат-Башы РЭТне — 3 даана, Жумгал РЭТне — 1 даана, Нарын РЭТне — 4 даана жана Тогуз-Торо районуна — 1 даана орнотуу каралган. Бул көмөк чордондор калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында орнотулуп, жыл аягына чейин толук ишке берилет.
Энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо боюнча иштер муну менен эле чектелбейт. Жергиликтүү кызматкерлердин шартын жакшыртуу максатында Нарын, Жумгал жана Ат-Башы райондорунда заманбап тейлөөчү административдик имараттар курулат. Ал эми Кочкор районунда темир-бетон мамыларын чыгаруучу жана трансформаторлорду оңдоочу цехтердин курулушу пландалууда.
Мындан сырткары, жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоо жана жоготууларды азайтуу максатында Нарын районуна 110/35/10 кВ “Кур-Терек” көмөк чордонун, ал эми Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын жергиликтүү калкын сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонун куруу каралууда.