Колл - борбор: 105, 1209

Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды

19 Август 2025 ж.

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоо жана өнүктүрүү багытындагы иш-чараларынын алкагында, “КУЭТ” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын темир-бетон буюмдарын жасоочу цехи 2025-жылга белгиленген өндүрүш планын мөөнөтүнөн кыйла эрте, болгону алты ай ичинде толук ишке ашырды.

Жылдык план боюнча 1500 даана зым тирек чыгаруу каралса, коюлган план жарым жыл ичинде толугу менен аткарылды жана жыл аягына чейин дагы 1000 даана зым тирек өндүрүү пландалууда. Мындай көрсөткүч ишкананын өндүрүш кубаттуулугунун жогорку деңгээлин белгиледи. 

Өндүрүштүк жетишкендик муну менен эле чектелбестен. Цех капиталдык курулуш тармагында колдонулуучу, мурда башка цехтерден алынып келчү зым тиректерди да өз базасында чыгара баштады. Бул кадам чыгымдарды кыскартууга чоң өбөлгө түздү.

Мындан сырткары, ишканада жаңы үлгүдөгү СВ 164 маркасындагы зым тиректердин чыгарылышы жолго коюлду. Буга чейин цех СВ 95, СВ 105 жана СВ 110 тибиндеги зым тиректерди гана чыгарып келген. Жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында райондор керектүү деңгээлде камсыздалып, эскирген тиректер оңдоо иштеринин алкагында жаңыларына алмаштыруу үчүн бүгүнкү күндө 1178 даана жеткирилди.