Колл - борбор: 105

Социалдык объектилердин ачылыш аземинде электр энергиясынын үзгүлтүксүз камсыздалышы көзөмөлдө

7 Октябрь 2026 ж.

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземи болуп өттү.
 
Иш-чаралардын жогорку деңгээлде жана үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери тиешелүү объектилерди генераторлор менен камсыздап, нөөмөттө болушту.
 
Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан электр жабдууларынын ишенимдүү иштеши текшерилип, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана электр менен камсыздоонун туруктуулугун сактоо боюнча тиешелүү чаралар мыкты деңгээлде көрүлдү.