Колл - борбор: 105, 1209

Спорт - ден соолуктун булагы

20 Декабрь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасында кызматкерлер үчүн жаңы жана заманбап спорт залынын ачылышы болуп өттү. Эми биздин жамаат ден соолугун чыңдап, сергек жашоо образын өткөрүү үчүн мыкты шарттарга ээ болду.
 
Кадимки имараттан спорт залына айланды:
Мурун бул жер эскирип калган имараттардын бири болчу. Бирок, биздин директор Рустам Нурдиновичтин демилгеси менен бул имаратты спорт залына айландыруу чечими кабыл алынды.
 
Кызматкерлердин биргелешкен эмгеги:
Спорт залын оңдоп түзөө иштерине ишкананын бардык кызматкерлери катышып, өз күчүн аябады. Айымдар жана мырзалар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кийим алмаштыруучу жана жуунучу бөлмөлөр жабдылды. Кесиптик бирлик комитети жана башка кызматтар бул жакшы ишке материалдык жардам көрсөтүштү.
Ал эми спорттук жабдыктар мурдагы Чыгыш Электр ААКнын жана НЖЧЭТИнын спорт залдарынан алынып келинип, жаңы спорт залыбызды толуктады.
 
Эми бизде ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар бар,
себеби ар кандай машыгууларды жасоо үчүн керектүү бардык жабдыктар менен жабдылган.
 
Ыңгайлуу, таза, жана жарык бөлмөлөрдө машыгуу абдан жагымдуу. Эми биздин жамаат биргелешип машыгып, ден соолугун чыңдап, жаңы күч-кубат алат.
 
Ачылуу аземине Нарын облусундагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин өкүлдөрү катышып, ардак грамоталарын мекеменин жетекчилигине жана куруу иштерине салымын кошкон бир катар кызматкерлерге тапшырып, ийгилик каалап өттү.