Спорт – ден соолуктун жана биримдиктин булагы!
25 Май 2025 ж.
Жашообузда спорттун орду абдан чоң. Ал ден соолукту чыңдап гана тим болбостон, адамдарды ынтымакка, биримдикке жана командалык рухка тарбиялайт. Ушундай максатта «КУЭТ» ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасында кызматкерлерди спортко кызыктыруу, алардын жашоо образын активдүү кылуу жана иш жамааттагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш-чара кесиптик бирлик комитети тарабынан өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында бир нече спорт түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, катышуучулар өз күчүн жана чеберчилигин көрсөтүштү. Атап айтканда, кичи футбол, волейбол, стол тенниси, кол күрөш жана аркан тартыш сыяктуу командалык жана жекече мелдештер жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чарага ишкананын райондук электр тармактары арасында өткөрүлүп, кызыгуу менен катышып, таймаштар курч жана адилеттүү өттү. Айрыкча аркан тартыш жана кол күрөш боюнча беттештер жогорку духта, көк жүрөктүк менен коштолуп, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Ал эми командалык оюндар – кичи футбол менен волейбол – биримдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөттү.
Ал эми жыйынтыкка келсек, эркектер арасында кичи футбол боюнча:
1 - орун НЭТИ 2,
2 - орун Нарын РЭТ,
3 - орун НЭТИ 1.
Волейбол боюнча:
1 - орун Ак-Талаа РЭТ,
2 - орун НЭТИ 1,
3 - орун Нарын РЭТ.
Аркан тартыш боюнча:
1 - орун Тогуз-Торо РЭТ
2 - орун НЭТИ 2
3 - орун НЭТИ 1
Кыз-келиндер арасында, волейбол боюнча:
1 - орун НЭТИ 1,
2 - орун Ат-Башы РЭТ,
3 - орун Нарын РЭТ.
Стол тенниси боюнча:
1 - орун НЭТИ 1,
2 - орун Ат-Башы РЭТ,
3 - орун НЭТИ 2,
Кол күрөш боюнча:
1 - орун Нарын РЭТ,
2 - орун НЭТИ 1,
3 - орун Ак-Талаа РЭТ
Мындай командалык иш-чараларды ар дайым уюштуруп туруу кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо менен бирге, алардын биримдигин арттырып, мекеме ичиндеги жагымдуу атмосфераны жаратууга чоң салым кошот.
Сыйлыгыңыздар кут болсун!