Колл - борбор: 105

Таза шаар – кийинки муунга!

11 Апрель 2026 ж.

Нарын шаарында “Таза шаар – кийинки муунга” ураанынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы-Нарын электр тармактар ишканасы кезектеги ишембиликке чыкты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын кызматкерлери шаар четиндеги жайларды, жол жээктерин тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтиришти. Ошондой эле топтолгон таштандылар чыгарылып, айрым аймактарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Ишембиликке катышкан энергетиктер шаарды таза жана көрктүү сактоо ар бир жарандын милдети экенин белгилешип, мындай иш-чаралар экологиялык маданиятты калыптандырууга чоң салым кошорун белгилешти.
 
Нарын ЭТИ мындан ары да айлана-чөйрөнү коргоо, шаарды көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо багытындагы иш-чараларды туруктуу негизде уланта берет.