Колл - борбор: 105, 1209

Темир-бетон цехи Нарын облусун мамычалар менен камсыз кыла баштады

29 Январь 2025 ж.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ​​ишканасы райондорду мамылар менен камсыздоо үчүн цехте даярдалган темир-бетон мамыларды жеткире баштады.

2024-жылы темир-бетон цехи ачылгандан бери Ак-Талаа, Кочкор жана Нарын райондук электр тармактарына жалпы 300 даана темир-бетон мамылары берилген. Ал эми кылдаттык менен талапка жооп бергидей жогорку сапатта жасалган  мамычалар бүгүн Жумгал районуна жеткирүү үчүн жүктөлүүдө, жалпысынан бул айда 110 даана мамычаларды жеткирүү мерчемделген.

Аталган цех, 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата ачылып, ишке берилген.
Цехте бетон аралашмасын автоматтык түрдө саатына 35 м³ аралашмасын даярдоочу заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ техникалар менен жабдылган. 2025-жылдын иш планына ылайык жыл ичинде 1500 даана чыгарууну, ал эми азыркы  тапта айына орто эсеп менен 120 даана мамычалар чыгарылып,  алдыда өндүрүштү көбөйтүү  максат кылынууда.

Буга чейин башка цехтерден алынган 1 даана темир-бетон мамычанын орточо баасы жеткирүү акысы менен 11-12000 сомду түзүп келсе, азыр бизде өндүрүлгөн СВ-95, СВ-105 үлгүдөгү 1 даана мамычанын баасы  орто эсеп менен 8-9000 сомду түзөт.

Нарын электр тармактар ишканасы  калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында тынымсыз иш алып барууда.