Колл - борбор: 105, 1209

Тогуз-Торо районунда 302 км 10/0,4 кВ аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтөт

29 Май 2024 ж.

Нарын электр тармактар ишканасы Тогуз-Торо районундагы электр тармактарын жакшыртуу боюнча зор аракеттерди көрүүдө.
 
2024-жылга коюлган иш пландары:
Техникалык тейлөө: Жалпысынан 302 км узундуктагы 10/0,4 кВ аба чубалгылары жана 142 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө карата 107 км аба чубалгысы жана 58 даана трансформатор тейлөөдөн өтүп, ишенимдүү кызмат көрсөтүүдө.
 
Капиталдык оңдоо иштери: Жыл ичинде 17 даана 10/0,4 кВ трансформатор жана 35 км аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өтөт. Азыркы учурда 5 трансформатор жана 12.4 км аба чубалгылары оңдолуп бүткөн.
 
Мындан сырткары, эскилиги жеткен 48 даана жыгач мамылар темирбетондук мамыларга алмаштырылмакчы, бүгүнкү күндө 28 даана алмашылды.
 
Кайра куруу: 10 кВ линиясы боюнча 0,6 км жана 0,4 кВ линиясы боюнча 4,5 км СИП кабелдери тартылат. Ошону менен бирге, 29,8 км аба чубалгыларына тийген бактарды бутоо иштери да жүргүзүлөт.
 
Август айында Казарман жана Арал айылдарында электр кубатынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, 2 даана 100 кВА күчтүк трансформаторлор 250 кВА трансформаторлорго алмаштырылат.
 
Бул иштер ар бир керектөөчүнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. Ар бир үйгө жарык жана жылуулук!