Энергетика тармагын санариптештирүү жана электр энергиясын пайдаланууда тактыкты камсыздоо максатында, “Кыргызстандын Улуттук Электр Тармактары” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Тогуз-Торо райондук электр тармактары (РЭТ) автоматтык эсепке алуу жана көзөмөлдөө системасын (АСКУЭ) орнотуу иштерин жүргүзүп жатат.
Аталган долбоордун алкагында Тогуз-Торо району боюнча жалпы 4800 абонентти АСКУЭ системасына өткөрүү пландалган. Бүгүнкү күнгө карата алардын ичинен 3071 абонент заманбап “акылдуу” эсептегичтер менен камсыз болду. Калган аймактарга да эсептегичтерди орнотуу иштери активдүү улантылууда.
АСКУЭ системасын киргизүү — өлкө боюнча энергетикалык тармакты модернизациялоонун жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун маанилүү кадамы болуп саналат. Бул система аркылуу электр энергиясын пайдаланууну реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, жоготууларды азайтуу жана төлөмдөрдүн тактыгын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаратылат.