Колл - борбор: 105, 1209

Тогуз-Торо районунда электр тармагын жаңыртуу иштери кызуу жүрүүдө

30 Май 2025 ж.

Нарын электр тармактар ишканасынын Тогуз-Торо району боюнча 2025-жылга карата оңдоо жана кайра куруу иштерин жүргүзүүнү мерчемдеп, учурда бул багытта иштер кызуу жүрүп жатат.
Жалпысынан, район аймагында 266 даана электр мамылары алмаштырылып, 157 даана трансформатор, 366 чакырым аба чубалгылары капиталдык жана утурумлук оңдоодон өткөрүү пландалган. Учурда 21 даана мамы алмаштырылып, 33 трансформатор, 79 чакырым аба чубалгылары оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле, ремонттук кампаниянын алкагында:
• 1,26 чакырым ар кандай аба ырайына туруктуу келген СИП-2 жана СИП-3 тибиндеги 10 жана 0,4 кВ чыңалууга ээ кабелдик аба чубалгылары жаңы курулат;
• 5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын кайра куруу иштери аткарылат.
Мындан тышкары, төмөнкүдөй кошумча иштер да каралган:
• 10/0,4 кВ, 250 кВа кубаттуулуктагы 1 даана шаар тибиндеги көмөкчү чордон (ГКТП) орнотуу;
• 2 даана 10/0,4 кВ КТП комплекттүү көмөкчү чордондун шкафтарын алмаштыруу;
• 1 даана реклоузерди орнотуу.
Бул иштердин баары аймактагы электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана калкка туруктуу электр энергиясын жеткирүүгө багытталган.