Тогуз-Торо районунда электр тармактарын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө
11 Август 2026 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын Тогуз-Торо РЭТинин иш планына ылайык, райондогу электр тармактарын жаңылоо жана реконструкциялоо иштеринин алкагында жалпы 8,6 чакырым СИП-2 жана СИП-3 аба чубалгыларын орнотуу пландалган.
Учурда 0,4 кВ электр тармагында 4,6 км СИП-2 кабелин тартуу каралган. Анын ичинен 1,2 км СИП-2 орнотулуп, эски жыгач мамылардын ордуна 30 даана жаңы темир-бетон мамы орнотулду. Ошондой эле эски мамылар жана АС-50 аба чубалгылары алмаштырылды.
Кийинки этапта 10 кВ электр тармагына 4 км СИП-3 аба чубалгыларын орнотуу иштери башталат.
СИП кабелдери ар кандай аба ырайынын шарттарына туруктуу болгондуктан, жүргүзүлүп жаткан иштер Тогуз-Торо районунун тургундарын сапаттуу, ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана аба ырайынын терс таасиринен улам келип чыгуучу үзгүлтүктөрдү азайтууга багытталган.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “КУЭТ” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

105 (акысыз чалуу),

+996 772 001209, 0556 001209

WhatsApp: +996 702 001209