Колл - борбор: 105, 1209

Тянь-Шань райондук электр тармактарынын кышка даярдыгы күч

18 Сентябрь 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы күз келип, кышка даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен алек.
 
Мисалы, Эмгекчил айылында 134 даана эскирген зым тиректер жаңы темир-бетон зым тиректерге алмаштыруу каралган, бүгүнкү күндө 68 даана орнотулду, зым тиректердин орнотуу иштери аяктаса, 5,01 чакырым эски зымдардын ордуна ишенимдүү СИП-2 кабелдери тартылат.
 
Ошондой эле Куланак жана Учкун айылдарында 86 даана жаңы зым тирек толугу менен орнотулду, жакынкы күндөрү 2,6 чакырым аба чубалгысын тартуу иштери башталат. Ал эми жаңы трансформаторлорду орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат, толугу менен сентябрь айынын аягында бүткөрүлөт.
 
Бул иштер облустун бардык бурчунда калкка туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.
 
Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.
 
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот