Колл - борбор: 105, 1209

Тянь-Шань РЭТи 10 кВ чыңалуудагы 669 даана изолятор алмаштырат

5 Июнь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнун филиалы - Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Тянь-Шань райондук электр тармактарынын жылдык планынын алкагында, 10 кВ чыңалуудагы 669 даана изоляторду алмаштыруу пландалууда, бүгүнкү күндө 550 даана алмаштырылды. Бул иш-чаралар аймактагы электр энергиясын камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга багытталган.
 
Мындан тышкары, жалпы узундугу 498 км болгон аба чубалгыларын накталап жана учурдагы оңдоодон өткөрүү иштери мерчемделген. Ошондой эле, 10/0,4 кВ чыңалуудагы калкты тейлөөчү 189 даана трансформаторлорду оңдоо каралган. Азыркы күнгө чейин, 178,8 км аба чубалгылары жана 95 даана трансформатор оңдолуп, калыбына келтирилген.
 
Электр кубаттуулугун арттыруу максатында, кошумча 4 даана трансформатор орнотулуп, 29,6 км аба чубалгыларына тийген бактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер электр энергиясынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жардам берет.
 
Ошондой эле, 9 айылда суу жеп кетүү коркунучун алдын алуу максатында электр мамычаларын жылдыруу иштери каралган. Бул чаралар жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн жасалат.