Урматтуу электр автоунаа ээлери!
28 Июль 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен өлкөдө электр автоунаалары үчүн заманбап кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүрүп жатат. Бул долбоордун алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан Нарын облусунда тез кубаттоочу станциялар орнотулууда.

С. Орозбаков көчөсү, 21 (облустук мамлекеттик администрация)

480 кВт кубаттуулуктагы 4 даана
Орнок айылы

«Petroleum» май куюучу жайынын жанында, Түндүк–Түштүк автожолунун боюнда

240 кВт кубаттуулуктагы 2 даана
Кочкор айылы

С. Орозбаков көчөсү (Базар аймагы)

240 кВт кубаттуулуктагы 2 даана
Түндүк–Түштүк автожолу

Кара Суу айылындагы көпүрөнүн жанында

240 кВт кубаттуулуктагы 2 даана
Ат-Башы айылы

Автовокзалдын аймагында

240 кВт кубаттуулуктагы 2 даана
Сары-Булак айылы

«Ормон хан» паркында

240 кВт кубаттуулуктагы 2 даана
Мындан тышкары, Ак-Талаа районуна 2 даана, Жумгал районуна 6 даана кошумча кубаттоочу станцияларды орнотуу пландалууда.
Бул кубаттоочу станциялар Нарын облусу аркылуу каттаган электр автоунаалардын ээлери үчүн ыңгайлуу жана тез кубаттануу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Сапарыңыз коопсуз жана жагымдуу болсун!