Устаттарга жана иш жүргүзүүчүлөргө пландуу семинар-кеңешме өткөрүлдү
13 Февраль 2026 ж.
Бүгүн “КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын устаттары жана иш жүргүзүүчүлөр үчүн ИКТК тарабынан пландуу семинар-кеңешме өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — өндүрүштүк процесстердин сапатын жогорулатуу, коопсуздук талаптарын так сактоо жана иш алып барууда бирдиктүү ыкмаларды колдонуу болду.
Семинардын жүрүшүндө тартип эрежелери, иш кагаздарын туура жана так жүгүртүү тартиби, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Ошондой эле, иш тажрыйбасында кездешкен типтүү каталар талданып, аларды алдын алуу жолдору талкууланды.
Мындай форматтагы жолугушуулар иштин натыйжалуулугун арттырып, устаттар менен иш жүргүзүүчүлөрдүн жоопкерчилигин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
ИКТК кызматкерлери мындан ары да ишкерсандардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган окутууларды жана семинарларды үзгүлтүксүз уюштуруп турууну пландаштырууда.