Колл - борбор: 105, 1209

"Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагындагы кезектеги ишембилик

18 Май 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы жана бардык райондук электр тармактары бүгүн дагы кезектеги ишембиликке чыгышты.
 
Ишембиликтин алкагында ишканага жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн участоктор жана административдик базалар ирээтке келтирилип, таштандылар чыгарылып, бак- дарактарды бутоо менен бирге акиленди.
 
Энергетиктер шаар тургундарын жана меймандарын тазалыкты сактоого, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.