Колл - борбор: 105, 1209

Жогорку чыңалуудагы чубалгыларда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

13 Июнь 2024 ж.

Нарын электр тармактар ишканасы, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы, 2024-2025  күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул иш-чаралардын алкагында, бүгүн Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы 35 кВ "ТЭЦ-Өрнөк" аба чубалгысында оңдоо жумуштары аткарылып  жатат.

Оңдоо иштеринин алкагында фарфордук изоляторлор алмаштырылып, номурлар жаңыртылып,  байланыш кошулмалары бекемделип, бак-дарактар буталууда. Бул аракеттердин баары, электр тармактарынын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.

Эртең, ушул эле жумуштар 35 кВ "Кара-Кече-Карьер" аба чубалгыларында улантылат.

Мындай маанилүү оңдоо иштер жергиликтүү тургундарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.