Колл - борбор: 105

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

8 Сентябрь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын тейлөөсүндөгү 220/110/35/10 кВ чыңалуудагы 59 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондо 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
Жүргүзүлүп жаткан иштердин башкы максаты — электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, электр жабдууларынын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга шарт түзүү.
 
Иш планына ылайык, 59 көмөк чордондо капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 42 көмөк чордондо оңдоо иштери толугу менен аткарылды. Мындан тышкары, бир көмөк чордондо сел жүрүү коркунучун алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү пландалууда.
 
Бүгүнкү күндө 110/35/10 кВ чыңалуудагы «Нарын-1» көмөк чордонунда 40 МВА кубаттуулуктагы Т-1 күчтүк трансформаторунда оңдоо иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, силикагелдери алмаштырылып, май агып кеткен жерлерди жоюу боюнча чаралар көрүлдү. Ошондой эле трансформатор тиешелүү сыноолордон өткөрүлүп, учурдагы оңдоо иштери толук аткарылды.
 
Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер белгиленген иш планга ылайык улантылып, өз мөөнөтүндө бүткөрүү пландалууда.