"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы быйыл 9225 даана эски изолятор жаңысына алмаштырууну пландаган, бүгүнкү күндө 1846 даанасы алмаштырылды.
Бул кызматтын тейлөөсүндө жалпы узундугу 1992,6 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы 35/110/220/500 кВ аба чубалгылары бар. Жылдык тейлөө планы боюнча, алардын 1808,4 чакырымы утурумдук, ал эми 198,8 чакырымы капиталдык оңдоого алынмакчы. Мунун ичинен 326 чакырым чубалгы оңдоп-түзөөдөн өтүп, региондогу электр энергиясын туруктуу берүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулады.
Тармактагы иштердин бир багыты — сырткы факторлордон, тагыраагы чымчыктардын уя салуусу же чымчыктардын токко урунуп өчүп калуудан коргонуу үчүн 400 даана чымчыктардан коргоочу жабдык орнотуу каралган. Бул жабдуулар менен чубалгылардагы коопсуздук деңгээли дагы да жогорулайт.
Бүгүнкү күндө 110 кВ “АГЭС–Ак-Кыя” аба чубалгысында оңдоо иштери жүрүүдө. Бул жерде 583 даана изолятор алмаштырылууда. Андан тышкары, чубалгыга тийген бак-дарактарды кыркуу, фазировкаларды, номурларды жаңыртуу, байланыш кошулмаларын бекемдөө иштери да аткарылып жатат. Бул иштер электр чубалгыларын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.
Капиталдык курулуш боюнча 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонунан жаңы линия тартылып, зым тирек орнотуу каралган.
Ар бир алмашкан изолятор, ар бир коюлган зым тирек Нарын облусунун шамалдуу талааларында созулуп жаткан аба чубалгыларын оңдоо — бул элдин жарыгын сапаттуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган.