Колл - борбор: 105, 1209

Жумгал районунда 224 даана трансформатор оңдоодон өтөт

19 Июнь 2024 ж.

Нарын электр тармактар ишканасынын Жумгал райондук электр тармактары ишканасы кышка карата оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
 
Бул иштин алкагында Жумгал РЭТнин тейлөөсүндөгү 233 трансформатордун ичинен 224 даанасы накталап оңдолуп, техникалык тейлөөгө алынат. Бүгүнкү күндө 46 трансформатор оңдоодон өттү.
 
Ошондой эле бул иштердин алкагында 652,1 чакырым аба чубалгыларында накталап жана техникалык тейлөө жүргүзүү мерчемделсе, учурда 160,7 чакырым чубалгы оңдолуп бүткөн.
 
Мындан сырткары, 5 чакырым 10 жана 0,4 кВ аба чубалгылары кайра курулуп, кошумча 4,25 чакырым жаңы аба чубалгылары курулат.
 
 
Электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланыңыз!