Колл - борбор: 105, 1209

Жумгал районунда 226 трансформатор оңдоодон өтөт

23 Апрель 2025 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Нарын облусундагы филиалынын – Жумгал райондук электр тармактары 2025-жылга карата кеңири масштабдагы иштерди жүргүзүүнү мерчемдөөдө.
 
Иш-чаралардын алкагында жалпысынан 226 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мындан тышкары, 10 кВ чыңалуудагы 412,10 чакырым жана 0,4 кВ чыңалуудагы 237,16 чакырым аба чубалгылары да оңдолот. Ал эми реконструкция иштеринде 10/0,4 кВ чубалгылардын 9 чакырымы жаңыланат.
 
Капиталдык курулуш боюнча бул жылы 500 метрге созулган 10 кВ СИП-3 жана 1 чакырым 0,4 кВ СИП-2 типтеги аба чубалгыларын жаңы куруу пландалууда. Бул иштер техникалык жоготууларды азайтууга жана тармактын ишенимдүүлүгүн арттырууга багытталган.
 
Ошондой эле, Чаек айылы боюнча 6 даана, анын ичинен жалпы кубаттуулугу 2800 кВА болгон 4 даана шаар тибиндеги көмөк чордон (ГКТП) жаңыртылып, кубаттуулугу көтөрүлөт.Мындан тышкары, Өрнөк айылында кубаттуулукту жогорулатуу үчүн 250 кВА күчтүк трансформатор алмаштырылып, ашыкча чыңалуудан коргоочу заманбап 10 кВ реклоузер жабдуусу орнотулат.
 
Жогоруда көрсөтүлгөн оңдоп түзөө иштери апрель айында башталып, бүгүнкү күндө 15 трансформатор оңдоодон өткөрүлдү, ал эми калган иштер октябрь айынын аягына чейин толук аткарылат.
 
Буга кошумча, Жумгал РЭТтин өзү да жаңылануу алдында турат. Учурда борбордон 382 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди жана ал жерге заманбап талаптарга жооп берген, эки кабаттуу жаңы административдик имараттын курулушу пландалууда. Долбоор иштелип чыгып, бүтүү алдында турат.
 
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209 +996 772 001209+996 702 001209+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот